Кечээ, 23-декабрда саат 18:22лер чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бейшеков атындагы №13-орто мектепте өрт чыгып, коридордун 30 чарчы метр шыбы күйгөн. Бул туурасында бүгүн, 24-декабрда Өрткө каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт электр жабдууларынын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгынан келип чыккан.