Биз социалдык тармакта

Статком: Кыргызстанда орточо айлык акы 34 391 сомду түзөт

Өлкөдө 2024-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүн, 10-июнда брифингде айтты.

Анын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 11,7 пайызга өскөн.

“Айлык акынын өсүшү дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк операциялар тармагында, унаа оңдоо, курулуш, суу менен камсыздоо жана тазалоо, пайдалуу кен байлыктарды казуу, андан тышкары транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө байкалган”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан