Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчынын бул буйругу менен буга чейин кол койгон айрым жарлыктары жокко чыгарылды.
Алар:
1) 2022-жылдын 26-октябрындагы №358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгы;
2) 2023-жылдын 14-мартындагы №55, 2022-жылдын 26-октябрындагы №358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы;
3) 2023-жылдын 28-декабрындагы №365, 2022-жылдын 26-октябрындагы №358 “Алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты Кыргызстандан ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыгы.
Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.