Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга өкмөт 500 миллион доллар бөлөрүн айтты

Венада өткөн Эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун сунуштады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров Борбор Азияны суусу мол жана ар түрдүү энергетикалык ресурстары бар чоң жана динамикалык аймак деп белгиледи.

"Биз бул жерге 16 миллиард доллар инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү бар 12 келечектүү таза энергетика долбоору менен келдик. Биздин тарап инвестордун кызыкчылыгын ар тараптуу колдой жана коргой тургандыгын билдирем. Мындан тышкары өндүрүлгөн электр энергиясын 100 пайыз пайдалануу камсыз кылынат”, - деди ал.

Өкмөт башчы "Камбар-Ата-1" ГЭСинин куруу долбоору тууралуу кеңири айтып берди.

"Камбар-Ата ГЭС-1" мөңгүлөрдүн башатында жайгашкан. Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын топтоо жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. "Камбар-Ата ГЭС-1" куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбордук Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтыйт. Долбоор Кыргызстанды жана Борбордук Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздайт, бул региондогу энергиянын өтүүсүнө азыраак чыгымдарды алып келет. ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү атмосферага булгоочу заттардын чыгышын азайтат”, - деди Жапаров.

Анын айтымында, "Камбар-Ата-1" ГЭСи региондун энергетикага болгон өсүп жаткан суроо-талабын канааттандыруу жана энергетикалык коопсуздукту жогорулатуу үчүн негизги мааниге ээ. Министрлер кабинетинин башчысы курулуш долбоору аймактагы айлана-чөйрөгө жана экологияга терс таасирин тийгизбей турганын айтып, долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы электр энергиясын ички жана тышкы рынокто өндүрүүгө жана сатууга мүмкүндүк берет деп баса белгиледи.

Ошондой эле ал бул ГЭСти куруу боюнча даярдык иштерине токтолду, анын айтымында, жалпы баасы 44,1 миллиард сомду түзүп, эки этапка бөлүнгөн.

Андан ары куруу үчүн Министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 миллион доллар бөлөрүн кошумчалады.

Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСине "улуттук" макамы берилгенин белгилеп, эл аралык каржы институттарын, инвесторлорду жана компанияларды климаттын күн тартибиндеги заманбап чакырыктарына толук жооп берген энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өтүп жатат, анын негизги темасы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоору болду.

Форум Дүйнөлүк банктын жана Австрия өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстандын Министрлер кабинети тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери, Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген делегациялар жана жеке инвесторлор катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан