Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынд Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту каралды.
Аталган маселе боюнча эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди. Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер тарабынан каржылык мыйзам бузуулар көбөйгөнүнө көңүл буруп, кадр маселесин кароо керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Камила Талиева да Финансы министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланбай жаткандыгы тууралуу маселени көтөрүп, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигине токтолду.
Ал эми Надира Нарматова капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесин ортого салса, Айсаракан Абдибаева Эсептөө палатасына 40 штаттык бирдик бөлүнгөнүн айтып, анын ишине өзгөчө көңүл бурду. Айбек Алтынбеков Эсептөө палатасынын аудиторлорунун кармалышы тууралуу сөз кылып, отчётто тиешелүү маалымат жок экенин белгиледи.