Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчёту угулду.
Анда Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев маалымат берди. Ал Улуттук банктын акча-кредит саясатынын негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Надира Нарматова ислам принциптерин эске алуу менен насыялоонун шарттары менен механизмдеринин коммерциялык банктардан айырмасы тууралуу суроолорду тактаса, Айсаракан Абдибаева Улуттук банктын эсептик чени төмөндөтүлгөндүктөн коммерциялык банктардагы насыялардын пайыздык чендерин төмөндөтүү зарылдыгына көңүл бурду.
Дастан Бекешев Улуттук банк көз карандысыз орган болушу керектигин белгилеп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелерине кирүү жаатында Жогорку Кеңештин 2023-жылдын 29-июнундагы токтомунун аткарылбагандыгын белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында комитет депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчётун жактырды.