Депутаттарды кызыл чеке кылган мыйзам комитетте үчүнчү окууда колдоо тапты

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 10-июндагы жыйынында "Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Документке бир депутат Султанбай Айжигитов “каршы” добуш берди.

Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берилет. Мыйзам долбоорун депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков демилгелеген. Документтин максаты – чет элдик инвестицияны тартуу.

Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынында үчүнчү окууда каралат. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, 2004-жылы кабыл алынган “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамына жана Жер кодексине өзгөртүү киргизилет.

Азыр иштеп жаткан мыйзамга ылайык, өлкөнүн Ысык-Көлдөн башка аймактарында чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору буга чейин комитетте каралып жатканда талаш жараткан. Биринчи окууда каралып жатканда Султанбай Айжигитов кесиптеши Бакыт Сыдыков менен кайым айтышса, экинчи окууда Айжигитов менен Балбак Түлөбаев жаакташып, бири-бирин акмак деп атаганга чейин барышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан