Египеттин Эль-Мансура шаарындагы полиция башкармалыгында болгон жардыруудан 8 адам каза болуп, 90у жаракат алган. Бул тууралуу 24-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жардыруудан полиция бөлүмүнүн бир бөлүгү кыйрап, урандылардын арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Жардыруу күчтүү болгондуктан полиция башкармалыгынан 20 чакырым алыстыкта да байкалган. Алдын ала билдирүүлөргө караганда, имараттын алдындагы жардыргыч зат салынган унаа жарылган.
Белгилей кетсек, Эль-Мансура – Каирдин түндүк-чыгышында жайгашкан облустун борбору.