Бүгүн, 11-июнда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагынын акыркы турунда Оман курамасы менен ойнойт.
Оюн Омандын Баушар шаарындагы 34 миң көрүүчү бата турган "Султан Кабус" стадионунда өтөт. Калыстын ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө жаңырат.
Бул оюнда Кыргыз курамасы кийинки баскычка өтүү жана Азия Кубогуна жолдомо алуу үчүн жеңиш же болбосо тең чыгуу жетиштүү.