Палестина Израиль армиясы гуманитардык жардам жана жүк ташуучу унааларын колдонуп жатканын билдирди

Палестинанын "Кызыл Жарым Ай" коому X социалдык медиасы аркылуу Израил армиясынын Газа тилкесиндеги аскердик операцияларда гуманитардык жардам жана жүк ташуучу унааларды колдонуп жатканын билдирди.

"Палестинанын "Кызыл Жарым Ай" коому аскердик операциялар үчүн жардам ташуучу унааны колдонуу коркунучтуу экенин эскертет", - деп жазган аталган уюм.

Анын айтымында, өткөн ишембиде израилдик аскерлер Газа тилкесинин борборундагы Нусейрат лагерине кирүү үчүн гуманитардык жардам жана жүк ташуучу унааларды колдонуп, андан кийин жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген.

Уюм мындай аракеттерди согуш кылмышы деп атап, эл аралык коомчулукту күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан