Москва шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин астынан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.
Андагы маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-июнда Москвадагы Крылатск көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 14 жаштагы бала менен анын 45-50 жаштардагы энеси көп кабаттуу үйдөн кулап кетишкен.
Алдын ала маалымат боюнча, биринчи 14 жаштагы бала кулаган. Аны энеси куткарууга аракет кылып бутунан тартканы аныкталган. Ал 7-кабаттан кулагандан кийин башка терезеден энеси дагы уулунун артынан кулаган.
"Тез жардам" кызматын көчөдөгүлөр чакырган. Тилекке каршы, дарыгерлер келгиче эне менен бала каза болгон.