БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча АКШнын президенти Жо Байдендин планына макулдук берүүгө чакырган резолюция долбоорун кабыл алуу үчүн добуш берди. Бул тууралуу БУУнун маалымат порталы билдирет.
Долбоорду кабыл алуу үчүн Коопсуздук кеңешинин жалпысынан 14 мүчөсү добуш берди. Ал эми Орусия добуш берүүдөн баш тартты.
"Документ Газада ок атышууну толук токтотууну камсыздоо үчүн иштелип чыккан төмөнкү үч этапты камтыйт:
- биринчи этапта, Кошмо Штаттар ок атышууну токтоосуз жана туруктуу токтотууну, аялдарды, кары-картаңдарды жана жарадар болгон израилдиктерди бошотууну, анын ичинде Хамастын туткунунда каза болгондордун сөөктөрүн кайтарууну жана палестиналык туткундарды алмашууну сунуштайт.
- Жакынкы Чыгыш боюнча резолюциянын экинчи этабында Газа секторунда барымтага алынгандардын бардыгын бошотуунун жана Израилдин армиясын бул аймактан толук чыгарып кетүүнүн ордуна согуштук аракеттерди толугу менен токтотууну карайт.
- үчүнчү этап, документте Газаны реконструкциялоо боюнча масштабдуу узак мөөнөттүү пландын башталышын белгилейт. Анын жүрүшүндө израилдик барымтадагылардын сөөктөрүн издеп, өз мекенине алып келүүнү улантат.
Эгерде кабыл алынган резолюциянын биринчи этаптабындагы сүйлөшүүлөр алты жумадан ашык созулса, анда согуш жокко чыгарылбайт.
Белгилей кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечиминен көп өтпөй ХАМАС резолюциянын бекитилишин кубаттай турганын жарыялаган. Бирок бул топ ок атышпоо планын ишке ашырууга ниеттенип жатканы белгисиз бойдон калууда", - деп жазат The Guardian.
Басылма ошондой эле резолюцияда Израилдин бул планды колдогону айтылганы менен, премьер-министр Биньямин Нетаньяху бул маселе боюнча сын пикирлерин айтканын жазат. Тактап айтканда, ал ХАМАСтын аскердик потенциалы толук жок кылынмайынча узак мөөнөттүү ок атышпоо боюнча кандай гана сунуш болбосун натыйжасыз экенин айтты.