Түштүк Африкадагы Малави Республикасынын вице-президенти Саулос Чилима отурган учак радардан жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Малавинин Коргоо күчтөрүнө таандык учак борбор шаар Лилонгведен учуп чыккандан кийин дайынсыз жоголгон. Учакта Саулос Чилимадан башка дагы 9 адам болгон. Учурда издөө-куткаруу операциясы башталды.
Учак өлкөнүн түндүгүндөгү Мзузу аэропортуна учуп бара жаткан. Бул окуядан кийин Малавинин президенти Лазарус Чаквера Багам аралдарына сапарын токтоткон.