Педагогикалык кызматкерлердин ыктыярдуу аттестациялоонун II этабынын жыйынтыгында 74 мугалимден бешөө гана квалификациялык категорияларын тастыктаган. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлиги кечээ, 10-июнда кабарлады.
Маалымдалгандай, 9-июнда өткөн тестирлөөгө II этапка катышууга жолдомо алган 77 мугалимдин 74ү катышкан.
Биринчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:
Экинчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:
“Ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 337 мугалим документ тапшырып, анын ичинен эксперттик комиссия 77 документке II этапка жолдомо берген. Жалпы квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 81 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 118, экинчи квалификациялык категорияга – 138 мугалим арыз берген”, - деп айтылат маалыматта.