Дагестанда 300гө жакын адам курч ичеги инфекциясынан жабыркап, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу МИР24 телеканалы жазды.
Тергөөнүн версиясы боюнча, жабыркагандардын баары крандагы сууну ичишкен. Учурда ооруканаларда 39 адам жатат.
"Учурда бардык бейтаптарга жардам көрсөтүлдү. Бактыга жараша, бардык бейтаптар орточо оордукта. Оорукана бардык бейтаптарды жетиштүү көлөмдө дары-дармек менен камсыздап, жардамга республикалык борбордук инфекциялык оорукананын дарыгерлери да чакырылган", - деген Буйнакск шаардык борбордук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Мурад Абутов.
Бул республикада биринчи жолу болуп жаткан жок. Эки жыл мурда дагы Дагестанда массалык уулануунун эки учуру болгон. Республика суу түтүктөрүн модернизациялоого бюджеттен чоң суммадагы каражат алган.