Нидерланды курама командасынын жана "Барселонанын" жарым коргоочусу Френки де Йонг алдыдагы футбол боюнча Европа чемпиондугуна катыша албайт. Мындай маалыматты аталган улуттук курама команданын басма сөз кызматы жарыялады.
Өз кезегинде спорт журналист Фабрицио Романо жарым коргоочунун физикалык абалынан улам турнирге катыша албай турганын социалдык тармактарга жазып чыкты. Анын айтымында, де Йонг жаракат алган жана турнир башталганга чейин калыбына келүүгө жетише албай калган.
Эске сала кетсек, 27 жаштагы жарым коргоочу апрель айынын аягында бутунан жаракат алып, клубдук сезондун аягына чейин оюнга чыккан эмес. Анткен менен 29-майда Нидерланды курама командасы Европа чемпиондугуна карата курамын жарыялаган. Ал курамда де Йонг дагы бар болчу.