Түштүк Корея Түндүк Корея менен чек арасында эскертүү иретинде ок атты

Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк Кореянын чек арасын кыска убакытка кесип өткөндөн кийин Түштүк Кореянын аскерлери эскертүүчү ок атышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 9-июнда түндүк кореялык аскерлердин тобу эки Кореянын чек ара сызыгын кесип өткөн. Үн күчөткүчтүн эскертүүсүнөн жана эскертүүчү ок атылгандан кийин Түндүк Кореянын аскерлери чек аранын өз тарабына кайтып кетишкен.

Өз кезегинде Түштүк Кореянын аскерлери Түндүк Кореянын аскерлери чек араны атайылап кесип өткөн эмес деген тыянакка келген, анткени ал жер токойлуу жер болгон жана ал жерде аскердик демаркация сызыгынын белгилерин көрүү кыйын.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан