Ошто каналга түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура-Араван каналына түшүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оштогу башкармалыгы SUPER.KG порталына билдирди.

Маалымдалгандай, бүгүн, 11-июнда куткаруучулар тарабынан саат 12:25 чамасында 42 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, 10-июнда ӨКМге Ош шаарынын Исаков көчөсүнөн өткөн Ак-Буура-Араван каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, жерине 24 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан