Балдардын гаджеттерди көп колдонуусу эмнеге алып келет? Психологдон кеңеш

Учурда эки же үч жашар баланын уюлдук телефонду оңой эле башкара алышы көпчүлүктү таң калтырбайт. Атүгүл, айрым ата-энелер муну менен сыймыктанышат. Бирок аларды бактылуу кылган нерсе келечекте олуттуу көйгөйгө айланып кетиши мүмкүн. Учурда смартфондорго болгон көз карандылыкка кабылган балдардын саны өсүүдө.

Баланын гаджетке байланып калышына эмне түрткү болгон жана кандай жардам берүү кажет экендигин психолог Нуриза Батырбекова SUPER.KG порталына айтып берди.

Баланын телефонго көз каранды экенин кантип билсе болот?

- Ар дайым балага көз салып, кылдат байкоо аркылуу гана анын телефонго болгон көз карандылыгын байкай алабыз. Ата-эне же ага камкордук кылып жаткандар баланын телефонду колдонуп, көзөмөлдөп жатканына көңүл бурушу керек.

Биринчи эскертүү белгилери - анын жанында ар дайым гаджет болуп туруусун талап кылат.

Смартфонду бербесең кыжыры келип, ыйлап, таарынат. Ошол эле учурда анын жашоосунун башка аспектилери - окуу, үй-бүлөлүк жана коомдук байланыштары жабыркай баштайт. Бала окууга же башка нерселерге болгон кызыгуусун жоготот.

Ал өзүмчүл болуп, айланасына көңүл кош мамиле жасап, коомчулуктан өзүн алып качып калат. Бара-бара ата-энеси менен да аз сүйлөшүп, достору жана классташтары менен мамиле курууну каалабай калат. Жалгыздыкка көнө баштайт. Бул учурда бала үчүн телефон гана ыңгайлуулуктун жана коопсуздуктун булагына айланат.

Смартфонго көнүп калуунун кандай коркунучу бар?

- Смартфонго болгон көз карандылыктан - аны колдонуусуна тыюу салуу же колдонуу мөөнөтүн азайтуу менен сактай албайбыз. Бул баланын жашоосунун ар кандай багыттарына, кабыл алуусуна, жан дүйнөсүнө терс таасирин тийгизген катаал кадам. Анын аз-аздан чечүү жолу башкада.

Бала телефонду колдонуп жатканда организмде дофаминдин ылдам механизми иштелип чыгат. Бул ата-энени ойлондура турган жагдай. Дофамин мээдеги негизги нейротрансмиттерлердин бири болуп саналат, ал ар кандай функцияларды, анын ичинде кыймылды, мотивацияны, сыйлыкты жана канааттанууну жөнгө салууда негизги ролду ойнойт.

Бала социалдык медиалардан, телефондогу оюндардан жана башка колдонмолордон алган заматтагы канааттануусу, заматта алган сыйлыктары жашоодогу кадамдарына терс таасирин тийгизбей койбойт. Баланын мээси дофаминдин негизинде жашоонун башка тармактарында да ушундай тез сыйлыктарды күтө баштайт, бул коомдон оолак болууга алып келип, өзүн-өзү башкаруу жөндөмүн начарлатат, аракет кылуудан баш тартып, даяр нерсеге көнө баштайт. Баланын басуусуна, сүйлөөсүнө, дүйнөнү таанып билүүсүнө, заттарды колдонуу аркетине залакасын тийгизет.

Кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Тынчсыздануу пайда болуп, депрессияга түшүп, эс-тутум төмөндөп, айлана-чөйрөгө болгон баамдоо жоголуп, социалдык көндүмдөрдүн начарлашы гаджеттерди көп колдонуунун кесепетинен келип чыгат. Алар көп жана баланын өнүгүүсүнө узак мөөнөттүү таасирин тийгизиши мүмкүн.

Натыйжада, балдар:

  • башкаларга жана алардын айланасындагы окуяларга көңүл бурбайт, виртуалдык дүйнө менен өз ара аракеттенүүнү артык көрө баштайт;
  • социалдык обочолонууга алып келип, агрессивдүү көз караш пайда болот;
  • уйкусуздукка алып келет;
  • мурун жакшы көрүп жасаган адаттарына, мисалы, хоббисине кайтпайт, өзүнө болгон ишеними азайып, активдүүлүгүн жоготот;

Мен айткан көрсөткүчтөр маанилүү маселелердин аз гана бөлүгү. Бала таалим-тарбиядан, аң-сезимине байланыштуу ар кандай кабыл алышы мүмкүн.

Ата-энелер жана жакындары бул белгилерге сөзсүз маани берип, кайдыгер карабашы керек. Алар баланын заманбап технологияларды колдонуудагы тең салмактуулукту сактоого көмөктөшүп, анын коомдо өзүн-өзү алып жүрүүсүнө маани берүүсү абзел.

Эмне кылуу керек?

Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн бала менен ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ага көңүл бурууну күчөтүү керек. Бул жөнөкөй жана акысыз кадам. Ар бир ата-эненин өз колундагы куралы болуп саналат. Убакытты аябай бала менен тил табышып, анын дүйнө таанымына көңүл кош мамиле жасабастан, анын ички туюмун угуп, билүү керек.

Дагы бир багыт - баланы ийримдерге катыштырып, спортко берүү анын гаджеттерге болгон көз карандылыгынан арылтуунун эң сонун жолу. Анын убактысы заманбап технология колдонууга коротулбай, жашоодого активдүүлүгүн жогорулатат.

Анан да ата-энелердин жүрүм-туруму да балдар үчүн үлгү боло алат. Алардын ар бир жасаган кадамы, сүйлөгөн сөзү бала үчүн сабак. Эгерде апасы, атасы, бир туугандары бош убактысын гаджет менен өткөрүшсө, баланы смартфондон же компьютерден баш тартууга көндүрүү кыйын болот.

Эгер жогоруда айтылган кеңештер жардам бербесе, тез арада ар тараптуу колдоо көрсөтө турган адистерге кайрылуу кажет. Эң негизгиси кечиктирбөө зарыл. Психологдор менен психотерапевттерге кайрылуудан коркпоңуз. Алар сиздин балаңызга жардам берүүчүлөрдүн сап башында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан