Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тартиби өзгөрөт

Бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунда шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартибине окшош жөнгө салуучу нормаларды киргизүү, башкача айтканда, шайлоочуга саясий партияны гана эмес, талапкерлердин тизмесинин ичиндеги талапкерди да тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү сунушталууда.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, көрсөтүлгөн ченем шайлоочуга шаардык кеңештеги өз өкүлдөрүнүн жеке курамына таасир этүүгө, шайлоочуларды аң-сезимдүү тандоого көмөктөшүүгө мүмкүндүк берүүгө багытталган.

Талкуу маалында эл өкүлү Жанар Акаев преференциалдык добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, бир катар сунуштарын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан