Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулууда. Бул туурасында кечээ, 11-июнда Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, программада баланын ден соолугун чыңдоо менен бош убактысын өткөрүү пландалган. Жалпы 1585 бала эс алууга бара тургандыгы кошумчаланган.
“Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен уюштурулууда. Биринчи агым менен 10-июндан 24-июнга чейин “Алтын балалык” борборунда 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынат”, - деп айтылат маалыматта.