“26 өлкө, 200гө жакын кинорежиссёр”. Бишкекте эл аралык кинофестиваль старт алды (видео)

Борбордогу Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи өттү. Бул туурасында кечээ, 11-июнда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, кинофестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен уюштурулууда.

“Маданий иш-чарага катышуу үчүн 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссёр келди. Анын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6га жакын мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг болот”, - деп билдирген маалыматта.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана атайын чакырылган коноктор катышып, алар “Асман килеминен” өтүштү.

Айта кетсек, фестиваль биринчи жолу 2023-жылдын 17-21-ноябрында Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып уюштурулган. Анын алкагында түрк киносунун жумалыгы, Айтматов илимий-практикалык форуму, Борбор Азия тасмаларынын бет ачары, эл аралык жана улуттук көркөм фильмдердин сынактары сыяктуу бир катар маданий иш-чаралар өткөн.

Белгилей кетсек, Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалы 15-июнга чейин уланат.

Экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан