БУУ 2023-жылы Газада канча бала өлгөнүн расмий жарыялады

Бириккен Улуттар Уюму былтыр, 2023-жылы Газа тилкесинде 2100дөн ашуун бала каза болгонун тастыктады. Мындай маалымат БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин балдар жана куралдуу кагылышуулар боюнча баяндамасында айтылды.

Отчёт 2023-жылдын 1-январынан баштап бир эле календардык жылдын ичинде болгон окуяларды камтыйт.

"БУУ 2267 палестиналык баланын (1259 эркек, 1008 кыз) өлтүрүлгөнүн тастыктады, алардын 2141и Газа тилкесинде өлтүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Балдардын өлүмү үчүн чыр-чатакка катышкан тараптардын жоопкерчилигин белгилей кетүү өзгөчө маанилүү. Документтин текстине ылайык, БУУ 206 баланын өлүмү үчүн Израилдин Коргоо күчтөрүнүн жоопкерчилигин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан