"Тиешем жок". Жогорку Кеңеште майыптарга бөлүнгөн акчаны кымырып алгандар боюнча маселе көтөрүлдү

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна көрсөтүлүп жаткан Жылдыз Полотованы дайындоого макулдук берүү учурунда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши тууралуу маселе көтөрүлдү.

Эл өкүлү Исхак Масалиев бул ишке жаңы дайындала турган министрдин тиешеси бар же жоктугун билүүгө кызыкты.

“Кечээ прокуратура министрликтин кызматкерлерине кылмыш иши козголду деген маалымат таратты. Талапкер ошол учурда орун басар болгон. Маалыматыңыз барбы? Сизге тийиштүү болуп кетпейби? Министр болуп дайындалгандан кийин маалыматтар чыгып жүрбөсүн, азыртан билип алалы”, - деди Масалиев.

Ал эми Жылдыз Полотова кылмыш иши боюнча маалыматы бар экендигин айтып, бирок ал тейлеген багыт башка экендигин ырастады.

“Ал багытты мен тейлеген эмесмин. Азыр териштирүү иштери бүткөнчө маалымат бере албайбыз. Кошумча айта кетчү нерсе, ал жерде комиссиянын чечими менен долбоорлор тандалып алынат. Комиссиянын мүчөсү болуп бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да кирет. Балким, келишимди бекиткенде мүчүлүштүк кетиши мүмкүн”, - деп жооп берди ал.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура майыптыгы бар адамдарга бөлүнгөн акча каражаттарын ыйгарып алган министрликтин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Анда мамлекетке жалпысынан 1 миллион 440 миң сомдук материалдык зыян келтирилгени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан