Казакстанда ич кийимчен чуркап кеткен 11 жаштагы бала: Анын жансыз денеси табылды

Коңшу Казакстандын Актөбө облусунда дайынсыз жоголгон баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Актөбө облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

"Үзгүлтүксүз издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон жашы жете элек Житру Каримдин жансыз денеси Илек дарыясынан «Юрта» ресторанынын аймагынан табылды", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.

Жоголгон баланы издөө иштери 4 күнгө созулган.

Баланы издөөгө 500гө жакын адам тартылган, анын ичинде милиция кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар кызматы, ыктыярчылар болгон. Издөө иштерине ошондой эле кызматтык иттер жана 40 даана техника, 3 квадроцикл, 2 кайык, 4 ат, дрондор колдонулган. Үйлөрдүн чатырлары жана короолору, канализациялык люктар, таштанды төгүүчү жайлар текшерилген.

4-июнь күнү аутизм менен жабыркаган 11 жаштагы Карим Житру чоң ата, чоң энеси жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Туугандары мессенжерлерде баланын короодон ич кийим жана футболка менен чыккан видеосун жарыялашкан. Бул учурду көчө көзөмөл камералары тартып алган.

Казакстанда аутизм менен жабыркаган бала дайынсыз жоголду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан