Түштүк Кореянын президенти Өзбекстанга иш сапары менен келет

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль иш сапары менен 13-15-июль күндөрү Өзбекстанга келет. Бул туурасында өзбек мамлекет башчысынын сайтында жазылды.

Маалымдалгандай, Ташкент шаарында өзбек-корея достук мамилелери боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Анын алкагында соода, инновациялык жана технологиялык тажрыйба алмашуу, энергетика, электроника жана электротехника, химия өнөр жайы, айыл чарба, инфраструктураны өнүктүрүү жана башка приоритеттүү багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасала тургандыгы кошумчаланган.

“Саммиттин жыйынтыгында бир катар өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтерге кол коюу пландалууда. Сапардын алкагында Өзбекстан менен Түштүк Кореянын президенттери биргелешкен бизнес форумга катышат. Андан соң президент Юн Сок Ёл тарыхый мурастар менен таанышуу үчүн Самарканд шаарына сапар алат”, - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан