Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 82 пайызы ишенерин билдиргени айтылды

Президент Садыр Жапаровго кыргызстандыктардын 82,6 пайызы ишенет. Бул тууралуу Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин алдындагы коомдук борбордон билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган борбор үстүбүздөгү жылдын 25-31-май аралыгында Кыргызстандын социалдык-саясий жашоосунун актуалдуу маселелерине багытталган социалдык сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында сурамжылоого катышкандардын 82,6 пайызы президент Садыр Жапаровго ишенимин билдиришкен.

Мындан тышкары, алардын 72,5 пайызы акыркы үч жылда өлкөдө жашоо жакшырды деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан