Бүгүн, 12-июнь күнү Ош шаарындагы Мамыров көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгынан SUPER.KG порталына кабарлашты.
Маалымдалгандай, тилсиз жоо менен каршы күрөшүүгө саат 13:06да 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Натыйжада жыгач торсундуу шифер менен жабылган үч бөлмөлүү дүкөндүн бир бөлмөсү толугу менен күйгөн, эки бөлмөнүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрт саат 14:42лер чамасында толугу менен өчүрүлүп бүттү”, - деп айтылган маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.