АКШда ИГИЛге байланышы бар деген шек менен Тажикстандын 8 жараны кармалды

АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы (ICE) дем алыш күндөрү Филадельфия, Нью-Йорк жана Лос-Анжелес шаарларында ИГИЛ менен байланышы бар сегиз тажикстандык жаранды кармаганын NBC News агенттиги өз булактарына таянып билдирди.

"Акыркы бир нече күндүн ичинде ICE агенттери иммиграция органдарынын өтүнүчү боюнча бир нече жарандыгы жок адамдарды камакка алды", - деп айтылат Улуттук коопсуздук департаменти менен ФБРдин биргелешкен билдирүүсүндө.

"Жүргүзүлгөн иштер ФБРдин терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен тобу менен тыгыз координацияда жүргүзүлдү. Кармалгандар ICE`тын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

NBC News маалымат булактары билдиргендей, сегиз адам түштүк чек арасын кесип өтүп, Америка Кошмо Штаттарына кирген.

Чиновниктердин айтымында, эки адам чек араны 2023-жылдын жазында кесип өтүп, алардын бири мигранттарга башпаанек сураш үчүн жолугушууларды өткөрүүгө уруксат берүү үчүн Байдендин администрациясы тарабынан түзүлгөн CBP One тиркемесин колдонушкан.

ФБРдин терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен тобу Борбор Азиядан келе жаткан потенциалдуу террордук коркунучтан кабардар болгон жана тергөөнүн алкагында сегиз адамга мониторинг жүргүзө баштаган.

Ошондой эле аткаминерлер ФБР бул кармалган адамдарды жана алардын иш-аракеттерин бир нече ай бою көзөмөлдөп келгенин айтышты.

Учурда сегиз адамдын бирөөсүнө да терроризмге катыштыгы бар экендиги аныктала элек. Бирок ФБР дагы эле ICE`ге бул кишилер ИГИЛ менен байланышы бар болгондуктан камакка алынышы керектигин эскертти.

Сегиз адамдын баары иммиграция боюнча айыпталып камакка алынганын NBC News маалымат булагы билдирди. Алар соттолуу алдында турат жана аларга терроризм боюнча айып тагылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан