Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай менен Айзаданын өлүмүнө күнөөлүү адамдар кандай жаза алганына кызыкты.
Ал алгач укук коргоо органдарынан Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү деп табылган жаран боюнча сурады.
"Бурулай Турдали кызын ала качып кеткен 30 жаштагы Марс Бөдөшов азыр камактабы? Же амнистия менен чыгып кеттиби?" - деди депутат айым.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева муну Жазаларды аткаруу кызматынан такташ керектигин айтты.
Ошондой эле эл өкүлү Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматынан алынган жетекчилердин иши эмне болгонун сурады.
"Айзада Канатбекова боюнча... Ошол эле милиция кызматкерлери, ошого көңүл бурбай койгон милиция жетекчилери кайра эле жумушка орношуп, кайра эле иштеп жатышат да, туурабы?" - деди Сурабалдиева.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев аталган жетекчилерге карата 1 жылга жумушунан төмөндөтүү жазасы колдонулганын айтып түшүндүрдү.
Сурабалдиева "кийин дагы мындай окуя катталып калса, жетекчилер бир жылга эс алууга чыгып, кайра жумушка келе берет экен да анда" деп кейиди.
Аширходжаев мындай жаза кылмыш аракети аныкталбагандарга гана колдонулганын, күнөөлүүлөр соттолгонун айтып тактады.
Депутат ошол убактагы райондук ички иштер башкармалыгын жетектеген адам башка кызматта отурганын эске салды.
Ички иштер министринин орун басары ал факты боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Башкы прокуратура тергөө жүргүзгөнүн айтты.
"Ал убакта милиция кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш ишин биз тергеген эмеспиз, аны УКМК менен Башкы прокуратура тергеген. Алар ар бир кызматкердин өзүнө юридикалык баа берип, бул жетекчинин ишинде кылмыш иши жок деп чыгарышкан", - деди ал.