Бүгүн, 12-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынына төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, аталган ишти алып барган кыргызстандык жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирди.
Депутат Улугбек Ормонов бул көйгөйдү өлкө башчысы өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү иштерди алып баруу тууралуу тапшырмаларды бергенин белгиледи.
"Ал арада Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинде эмгектенген мекендешибиз Закир Азизов демилге көтөрүп, алгылыктуу иштер башталган. Натыйжада аталган университеттин ректору Ахмед Кызылай башында турган дарыгерлер тобу Кыргызстанга келип, эки жараныбызга операция жасашты. Операция ийгиликтүү болуп, кыргыз медицинасында өнүгүүнүн жаңы барагы ачылды”, – деди эл өкүлү.
Ошондой эле ал Инөнү университетинде жетимиштен ашуун кыргызстандык дарыгер бекер окуудан өткөнүн кошумчалады.
Жолугушуу андан ары уланып, төрага Шакиев Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору, доктор Сезай Йылмазга, башкы дарыгери, доктор Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Ахмед Кызылай боорду алмаштыруу жаатында жасалган операция Кыргызстан үчүн эле эмес, чөлкөмдөгү башка өлкөлөр үчүн да пайдалуу болорун айтса, Сезай Йылмаз мындай операция Түркияда алгач 1988-жылы жасалганын айтып, Кыргызстандык дарыгерлер да тажрыйбасын арттырып, жакынкы жылдары саламаттыкты сактоо тармагында чоң бурулуштарды жасаарына терең ишенерин билдирди.