Киевдин Орусиянын чабуулдарынан коргонууну күчөтүү өтүнүчү менен АКШ Украинага дагы бир Patriot ракетадан коргонуу системасын жөнөтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, АКШнын расмий өкүлдөрү 11-июнда президент Жо Байден Украинага кошумча Patriot ракеталык комплекстерин жеткирүүгө макулдук бергенин билдирди. Бул АКШнын Украинага берген экинчи абадан коргонуу системасы болот. Киевдин башка союздаштары, анын ичинде Германия да абадан коргонуу системаларын жана ок-дарыларды берген.
Украинанын президенти Владимир Зеленский майдын аягында кошумча Patriot системаларын киргизүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал Орусиянын чабуулдарына каршы туруу үчүн дагы жети абадан коргонуу системасына муктаж экенин белгиледи.
"Эгерде бизде ушул заманбап Patriot системалары болгондо, орусиялык учактар жарандарга жана аскер кызматкерлерине бомба таштай тургандай жакын уча алмак эмес", - деди Зеленский.
АКШнын жаңы Patriot системасы менен камсыздоо чечими Киевдин союздаштары Украинанын коопсуздук муктаждыктары боюнча ай сайын өтүүчү жыйынга камданып жаткан учурга туш келди. Ал 13-июнда Брюсселде өтөт.
Май айынан бери Орусия Украинанын түндүк-чыгышында, Харьков облусунда активдүү чабуулун баштады. Бир айдын ичинде орус аскерлери Украинанын аймагына 20-30 чакырымдай жылып кирип, чек арадагы Волчанск шаарын басып алышкан.