АКШ жакынкы күндөрү Орусияга каршы кошумча санкциялардын жана экспорттук көзөмөлдүн “олуттуу массивдерин” жарыялайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби 11-июнда билдиргендей, Чоң жетиликтин Украинага карата милдеттенмелери да “алдыңкы планда жана ачык-айкын” бойдон кала берет. Анын айтымында, G7 өлкөлөрү Орусиянын президенти Владимир Путинге "убакыт ал тарапта эмес" экенин көрсөтүү үчүн чечкиндүү кадамдарды жасашат.
Кирби келечектеги санкциялар пакетин майда-чүйдөсүнө чейин айтуудан баш тартты, бирок жаңы чаралар Украинанын пайдасына тоңдурулган орус активдерин колдонууну камтый турганын кыйытты.
13-июнда Италиянын түштүгүндө баштала турган Чоң жетиликтин саммитинде Украинага жардам берүү үчүн орус активдеринен түшкөн пайыздарды кантип туура пайдалануу негизги тема болмокчу.
Reuters агенттиги G7 мүчөлөрү, анын ичинде Британия, Жапония жана АКШ Украинаны колдоо фондун түзүү боюнча ишти жыйынтыктап жатканын билдирди.
"АКШнын алдыдагы санкцияларына келсек, алар үчүнчү өлкөнүн финансылык ортомчулары үчүн Орусиянын коргонуу өнөр жай базасын колдоону ого бетер кыйындатат", - деп белгиледи Кирби.
Үч күндүк саммиттин алкагында АКШ президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, Вашингтондун Киевди колдоо боюнча кийинки кадамдарын талкуулай турганын Ак үйдүн басма сөз катчысы билдирди. Ошондой эле бейшембиде эки тараптуу жолугушуу пландалып жатат.
Мындан сырткары Чоң жетиликтин лидерлери Кытайдын Орусия менен тереңдеп бара жаткан алакаларын, ошондой эле Пекиндин “зыяндуу глобалдык жайылуу кесепеттерин” жаратып жаткан рыноктук эмес саясатын талкуулоону пландаштырууда.