Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйыны өттү

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 12-июнда президентке караштуу Улуттук биримдикти жана диний саясатты чыңдоо боюнча эксперттик кеңештин жыйынын өткөрдү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, күн тартибинде өлкөдөгү диний жана этностор аралык кырдаалдын актуалдуу маселелери, “Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Мамлекеттик катчы анын ичинде чет элдик студенттерге байланыштуу окуяларга, диний идеологиянын негизинде мамлекеттик символикага акаарат келтирүүгө, социалдык тармактарда динге негизделген риторикаларга басым жасады.

Касмамбетов ошондой эле президенттин кароосуна жөнөтүү жана андан ары чечимдерди кабыл алуу үчүн этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти жана динди чыңдоо жаатында сунуштарды иштеп чыгуучу Эксперттик кеңештин маанилүү ролун баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан