Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында репрессия курмандыктарын актоого байланышкан мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Демилгечилердин бири депутат Жанар Акаев белгилегендей, мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиянын бардык курмандыктарын реабилитациялоого багытталган. Эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Акаев изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча реабилитациялоо комиссиясы реабилитациялоо же андан баш тартуу жөнүндө сунуштама менен материалдарды кароо үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алат. Андан ары башкы прокуратура сотко жөнөтүп, сот аркылуу акталуу мүмкүнчүлүгү жаралат.