Бүгүн, 13-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы таңкы саат 05:00дө Бишкекке учуп келди.
Омандан жолдуу кайткан футболчуларды Кыргыз футбол биримдигинин имаратында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Эдил Байсалов баштаган бийлик өкүлдөрү, күйөрмандар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Эдил Байсалов ийгиликтүү кайткан футболчуларга жалпы кыргызстандыктардын атынан ыраазычылык билдирип, кийинки оюндарга ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргыз курамасы Малайзияны кабыл алып, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Ал эми 11-июнда "Ак шумкарлар" Маскат шаарында Оман курамасы менен кез келип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Мындай жыйынтык менен алар Дүйнө чемпиондугуна тандоонун акыркы туруна чыгып, ошону менен бирге Азия кубогуна жолдомо уткан.