Кувейтте турак жайда өрт чыгып, кеминде 49 адам каза болду (видео)

Кувейттин түштүгүндөгү Мангаф шаарында жумушчулар жашаган имаратта чыккан өрттөн кеминде 49 адам каза болду. Бул тууралуу KUNA агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Өрт жумушчулар жашаган көп кабаттуу үйдөн 12-июнь күнү эртең менен башталган. Полициянын өкүлү билдиргендей, өлгөндөрдүн көбү көмүртек кычкылы менен ууланган. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүп, тиешелүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Окуя болгон жерге вице-премьер-министр барып, үй ээсин шалаакылык боюнча айыптады. Анын айтымында, жумушчулар өрт кырсыгы болгон үйдө толуп жашашкан.

"Тилекке каршы, менчик ээлеринин ач көздүгү ушундай жагдайларга алып келүүдө. Мен муниципалдык жетекчиликтен үй ээлерине карата эскертүүсүз эртеңден баштап мыйзам бузууларды жоюуга киришүүнү суранам. Биз шалаакылык маселесин чечүүнүн үстүндө иштейбиз", - деп баса белгилеген вице-премьер-министр.

Ал ошондой эле окуянын бардык жагдайлары такталмайынча имараттын ээси камакта болорун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан