SUPER.KG порталы шоу-бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен кызыктуу маектерин улантат. Бул жолу актёр Эмил Токтошевдин бейнесине кайрылабыз.
Калың элге “Түндүктүк келин” тасмасындагы Дөөпараздын ролу менен таанылган актёр учурда аталган тасманын уландысын тартууга даярданып жатканын айтты.
Ошондой эле келинчеги тууралуу сөз кылып: "Ар ким өзүнүн келинчегин мактайт го. Бирок меникиндей келинчек жок деп ойлойм. Көп нерсеге чыдайт. Бизнесибизди келинчегим карайт. Жумуштагы жаралган көйгөйлөрдү мага айтат, бирок мен келип жасаганча өзү эле бүтүрүп коёт", - дейт актёр.
Мындан тышкары Токтошев балалыгы, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу да ой бөлүштү.
Белгилей кетсек, актёр шакирти Баяман менен тарткан видеосу 100 миллионго жакын көрүүчү топтогон.
Толугу менен порталыбыздын Ютуб каналынан көрүңүз.