Бишкекте 136-маршруттук таксинин айдоочусу бир адамды өлтүрө коюп кетти

Бишкекте №136-маршруттук таксинин айдоочусу бир адамды коюп кетти. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза болгон.  Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.  

Маалыматка караганда, бүгүн, 24-декабрда саат 07:00 чамасында 49 жаштагы кичи автобустун айдоочусу Байтик баатыр көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып Сүйөркулов көчөсүнө жетпей 54 жаштагы С.Антонинаны сүзүп алган. 

Учурда унаа айып жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mery.89
2013-12-24 11:18:21
Башка машина менен да кагылышкан го дейм маршруттун сол жагы адам урганда анчалык сынып кыйшайбаса керек.
0
nk.nur_ik
2013-12-24 11:32:15
жол тайгак абайлаш керек . далбастап айдашат анан
0
Bayas_Tural
2013-12-24 12:37:27
Маршруткадагылар жол эрежесин такыр сактабайт убалдан коркушпайт
0
uson.abdullov
2013-12-24 14:36:07
маршуруткадагылар эрежени билишет.бирок аны сактабайт.атайын бузушат.
0
Survey
2013-12-24 15:10:13
камаш керек акмакты.камалбаса дагы канча адам бейажал омур менен кош айтышат мындай шалаакы айдоочулардын айынан.
0
mirbakg
2013-12-24 16:17:47
Бул жерде айдоочуну эле куноолгонго болбойт биринчиден кайсы жерден атайын жоо жургунчулор ото турган жерден суздубу же Жолдон эле чыга калдыбы ?баарын териштирип берип чынында айдоочунун куноосу болсо Анан куноолош керек ! Баарыбыз деле Жолдон отуп жатканда абайлап отконго аракет кылалы! Сактанганды кудай сактайт !!
0
ainaz91
2013-12-25 03:28:14

Жолдон отуп аткан адам ойлойт мен ото берсем машинадагы айдоочу мени коруп токтойт деп. Оа токтойт бирок ушундай жол тайгак кезде ал адамды айдоочу коруп тормос тепкен кундо да копко чейин барып анан токтойт. Анткени тайгаланып барып токтойт. Ошондуктан эки жак тен абайлаш керек.
0
Asus84
2013-12-25 12:16:55
136 маршрут эмес тралейбус автобус такси баары тен далактап айдашат кой салып алгансып ошоно транспорт министирлиги неге карабайт? эмнеге айлык алып жатышат? кийми коздору бойогу учунбу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан