Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы ЖЭБге барды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, ЖЭБдин ишмердүүлүгү боюнча тиешелүү түзүмдөрдүн катышуусунда жыйын өткөрдү.
"Быйылкы кыш сыяктуу өзгөчө кырдаалдар кайталанбасын эске алуу менен ЖЭБди жылытуу мезгилине даярдоо боюнча иштерди сапаттуу жүргүзүү, анын ичинде күйүүчү майларды керектүү көлөмдө сатып алууну камсыз кылуу, оңдоо иштерин бүтүрүү жана жабдууларды кыш мезгилинде жүктөөгө даяр болушун камсыз кылуу зарыл. Мындан тышкары ЖЭБде жылуулук менен камсыздоону иштеп чыгуу, берүү жана бөлүштүрүүнүн эсебин автоматташтыруу зарыл. Бардык процесстер ачык болушу керек", - деди Акылбек Жапаров жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү түзүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди.