Кыргызстандагы чет өлкөлүк унаалардын бардыгы текшерилмей болду. Себеби?

Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк номурлуу унаалардын баары текшерилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, акыркы учурларда Армения, Абхазия, Орусия өңдүү чет өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовдору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган.

"Эч кандай чек арадан, бажыдан унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

Мындай фактыларга жол бербөө максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын издөө бөлүмү өлкөбүздөгү чет өлкөлүк номурлуу унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында УКМКнын Чек ара кызматы, Бажы кызматы, Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын жүргүзөт", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

"Урматтуу айдоочулар, жогорудагы фактыларга туш болбоо үчүн чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырабыз", - деп кошумчалашты ЖКККББдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан