Бүгүн, 13-июнда Азия футбол конфедерациясынын штабдык кеңсесинде 2025-жылкы U-17 өспүрүмдөр курамалары арасындагы Азия кубогунун тандап алуу оюндары үчүн чүчү кулак тартылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Анын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курамасы "I" тайпасында Йемен, Вьетнам жана Мьянма командалары менен кошо жайгашты.
Ал эми Игорь Никитиндин оюнчулары тандап алуу оюндарын ушул жылдын 19-27-октябрь күндөрүндө ойношот.
Белгилей кетсек, Азия кубогунун финалдык бөлүгү 2025-жылы 3-20-апрель күндөрү Сауд Арабиясында өтөт.