Футбол: Англиянын "Евро-2024" турнириндеги беттеши коркунучта калды

Германиянын бийлиги Европа чемпиондугунун алкагындагы Сербия менен Англия курама командаларынын беттешин үзгүлтүккө учуратуу коркунучунан кооптонууда. Бул тууралуу BBC жазды.

Германиянын укук коргоо органдары серб күйөрмандарынын агрессивдүү жүрүм-турумунан чочулашууда. Трибуналарда англиялык команданын күйөрмандары менен катар Сербиянын курама командасынын 500дөй күйөрмандары болушу мүмкүн, бул чыр-чатакка айланышы мүмкүн. Буга байланыштуу массалык мушташуунун алдын алуу чараларын күчөтүү чечими кабыл алынды. Стадиондо 1000ден ашык полиция кызматкери кызмат өтөйт.

Англия менен Сербия "С" тайпасында жайгашкан. Бул эки команданын беттеши 17-июнга караган түнү Гельзенкирхен шаарындагы 62 миң көрүүчү бата турган "Фельтинс-Арена" стадионунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан