Ош облусуна жаңы прокурор дайындалды

Ош облусунун прокурору кызматына Чыңгыз Ахматов дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлады.

Ага ылайык, тиешелүү буйрукка 12-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев кол койгон.

Ахматов 1981-жылы 7-июлда туулган. Эмгек жолун 2004-жылы Талас облусунуну прокуратурасынан баштап, Башкы прокуратурада, Жалал-Абад, Ош облустарынын прокуратураларында түрдүү кызматтарда иштеп келген.

Кийин Чүйдүн Токмок шаарынын, Ысык-Ата районунун жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан