Акылбек Жапаров 217 айыл өкмөт жоюларын айтты

Өлкөдө 452 айыл аймак бар болсо, административдик-аймактык реформадан (ААР) соң алардын саны 235ти түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ААРдын максаты – айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү. Бул финансылык жана кадрдык ресурстарды натыйжалуу башкарууга жана пайдаланууга алып келет.

Өкмөт башчы 1990-жылдан бери карай ушуга чейин 40 район, 32 шаар, 452 айыл аймагы пайда болуп, анын 62си бир айылдан турган айыл аймактар, ошол эле учурда 10дон 20га чейин айылдын башын кошкон, элинин саны 30-50 миңге жеткен айыл өкмөттөрү болгонун, алардын арасында теңсиздиктер жана ажырымдар чоң болуп келгенин айтты.

Жапаров белгилегендей, ААРдын дагы бир максаты – жакырчылыкка каршы даректүү жардамдарды күчөтүү. 2022-жылы 111 миңге жакын өтө жакыр үй-бүлө санарипке кирсе, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө кыскарган. Үч жылдын ичинде 13 миңге жакын үй-бүлө 100 миң сомдон социалдык контракт алып, 18 миңден ашык жумушчу орун түзүлдү. Быйыл дагы 23 миң өтө жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөгө каражат бөлүнөт (2,3 миллиард сом).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан