Күзүндө жергиликтүү кеңештер таркатылып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жыйында административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлору каралып жаткан. Өкмөт башчы аны парламент колдоп берип, кабыл алынса күзүндө кезексиз шайлоо өтөрүн айтты.
Ошондой эле ал жергиликтүү кеңештин депутаттары азыркыдай 4 жылга эмес, 5 жылга шайланарын, ал эми шаарларда шайлоочуларга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлагандай эле саясий партиялардын ичинен талапкерлерди тандоо мүмкүнчүлүгү берилерин кошумчалады.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.