Жапаров эки шаарга "облустук деңгээлдеги" макамы берилгенин айтты

Өлкөдө облустук деңгээлдеги эки - Кара-Балта жана Кант шаарлары пайда болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Өкмөт башчы административдик-аймактык реформанын алкагында, айыл аймактардын саны 452ден 235ке чейин кыскарганын айтты.

"Административдик-аймактык реформага чейин 10 287 штаттык бирдик болсо, реформадан кийин 6398 штаттык бирдик калды. Штатты каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарды", - деди ал.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан