Ош шаарынын прокурору кызматына Бакытбек Сыдыгалиев дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда Башкы прокуратурадан кабарлады.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка 12-июнда башкы прокурор Максат Асаналиев кол койгон.
Сыдыгалиев 1978-жылы 14-апрелде жарык дүйнөгө келген.
Эмгек жолун 2010-жылы Ысык-Көл жана Чүй облустарынын прокуратураларынан баштап, Сокулук районунун, Балыкчы шаарынын, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын, Сузак, Базар-Коргон райондорунун прокурору болуп эмгектенген.
Ал Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевдин иниси.