БУУ Израилди адамзатка каршы кылмыш кылган деп айыптады

БУУнун Тергөө комиссиясы (COI) Израилдин Газа тилкесин басып алуусунун алгачкы күндөрүндө Израил да, ХАМАС да согуш кылмыштарын жасаган деген бүтүмгө келди. Ошондой эле Израилдин аракеттерин палестиналык карапайым калк арасындагы чоң жоготуулардан улам, адамзатка каршы кылмыш катары баалады.

Изилдөөлөр эки параллелдүү отчётко негизделген: бири ХАМАСтын 7-октябрдагы чабуулдарына, экинчиси Израилдин аскерий жообуна. Комиссия далилдерди чогултуу жана Израилде жана басып алынган Палестина аймактарында эл аралык кылмыштарды жасаган адамдарды аныктоо боюнча кеңири ыйгарым укуктарга ээ.

Тель-Авив комиссияны бир жактуу деп айыптап, аны менен кызматташпайт. COI израилдиктер анын ишине ар кандай жол менен тоскоол болуп, тергөөчүлөрдүн Израилге же басып алынган Палестина аймактарына кирүүсүнө тоскоолдук кылышканын белгиледи. Бирок бул БУУга Израилдин согуш кылмыштарын жасагандыгы тууралуу керектүү далилдерди алууга тоскоол болгон жок.

Декабрдын аягына чейин жаңжалды чагылдырган отчёттор эки тарап тең согуш кылмыштарын, анын ичинде кыйноо, киши өлтүрүү, жеке кадыр-баркына шек келтирген жана адамгерчиликсиз же ырайымсыз мамиле жасаганын көрсөттү.

Комиссия Израилдин кошумча согуш кылмыштарын жасагандыгын, анын ичинде ачарчылыкты согуштун ыкмасы катары колдонгонун баса белгилейт. Израилдин аскерлери газалыктарды тамак-аш, суу, баш калкалоочу жай жана дары-дармек сыяктуу керектүү нерселерден өксүтүп эле тим болбостон, башкалардын бул керектүү буюмдарды жеткирүүсүнө жол бербөө үчүн аракет кылышкан.

Комиссиянын бардык корутундулары жана отчёттору Гаагадагы Эл аралык соттун кароосуна берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан