Жеңилбес мушкер Хамзат Чимаев ооруканага түштү

Чеченстандык жеңилбес мушкер Хамзат Чимаев ооруканага жаткырылды. Анын UFC уюмундагы кийинки беттеши жокко чыгарылды. Анын ооруканада жаткан сүрөтүн мушкер Мухаммед Эскерханов өзүнүн социалдык түйүндөрүндө бөлүштү.

"Ар бир кыйынчылыктын артында жакшылык бар", - деп жазды Эскерханов сүрөткө.

Буга чейин Хамзат Чимаев австралиялык Роберт Уиттакер менен беттешүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. Эки мушкердин беттеши 22-июнда өтүшү керек болчу.

30 жаштагы Чимаев профессионалдык карьерасында 13 беттеш өткөрүп, 13 жеңишке жетишсе, 33 жаштагы Уиттакер 25 жеңиш жана 7 жеңилүү ызасын тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан